«Эс алсын, дарылансын» Садыр Жапаров Камчыбек Ташиев мамлекеттик кызматка келбей турганын билдирди

Өлкө башчы Садыр Жапаров УКМКнын мурдагы жетекчиси Камчыбек Ташиев кандайдыр бир мамлекеттик кызматка келбей турганын билдирди.
«Кабар» агенттигине берген маегинде Садыр Жапаров Ташиев менен мурункудай дос мамиледе каларын, эми “досу” эс алып, ден соолугун карашы керектигин айтты.
“Дос эс алсын, ден соолугун карасын. Тегерегидеги “ак сакал, көк сакалдардан” арылсын, тазалансын. Тергөө кызматы баарын аныктап, тазалап берет. Албетте, азыр ыракмат айтпайт. Капа болот. Бирок жылдар өткөндөн кийин “Досум сен ошондо туура кылыпсың” деп ыракматын айтат”.- деп билдирди өлкө башчы.
Ошондой эле ал Камчыбек Ташиев менен жолукканын кошумчалады.
10-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы кызматтарынан бошоткон. Анын эртеси Ташиев билдирүү жасап, иштен алынып жатканда Германияда дарыланып жүргөнүн, бул жаңылык ал үчүн “күтүүсүз” болгонун айткан.
Андан кийин Садыр Жапаров маек берип, Камчыбек Ташиевдин кызматынан алуу чечимин өлкөдөгү туруктуулукту сактоо жана саясий бөлүнүүнүн алдын алуу зарылдыгы менен түшүндүргөн.