«Евразия» пансионатынын жээгинде эркек киши катуу сабалып, каза болду. Шектүүлөрдүн арасында эки милиционер бар

18.11.2025 | 10:32

Ыссык-Көл районунун Кара-Ой (Долинка) айылында 45 жаштагы эркек киши катуу сабалып, кийин ооруканада каза болду. Бул тууралуу Reporter.kg га укук коргоо органдарындагы булактар маалымдады.

Окуя 15-ноябрда «Евразия» пансионатынын пляжында болгон. 45 жаштагы Эрлан Батыралиев досу менен жүргөн учурда мас абалдагы эркектердин аттарды кулмакка салып жатканын көрүп, аларга эскертуу айткан. Бул аларга жакпай, Батыралиевге жана анын досуна жабылышкан. Натыйжада Эрлан Батыралиев катуу сабалып, башына оор жаракат алып, эс-үчүн жоготкон.

Ыссык-Көл областтык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан Reporter.kg га билдиришкендей, 15-ноябрда Кара-Ой айылындагы эс алуу жайларынын биринде белгисиз адамдар эркек кишини катуу сабап кеткени, ал ооруканага жеткирилгенден кийин алган жаракаттарынан улам каза болгондугу тууралуу маалымат болгон.

Ыкчам кызматкерлер төрт шектүүнүн өздүгүн такташты. Алардын экөө милиция кызматкерлери: 28 жаштагы К.Ж., милициянын старшинасы, жана 28 жаштагы Р.С., милициянын сержанты. Калган экөө — 28 жаштагы А.А. жана 20 жаштагы К.М. аттуу жарандар. Аларга карата Кылмыш-жаза кодексинин «Саламаттыкка оор зыян келтируу» беренеси боюнча иш козголду. Төрт шектүүнүн баары Убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Териштирүү уланып жатат.

Scroll to Top