Ош шаарында 249 орундуу заманбап Перинаталдык борбор курулуудаБишкекте Тоголок Молдо көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылатОшто жаңы сквер жана сейил бак курулуудаМамлекеттик бюджеттен респиратордук колдоого муктаж балдар үчүн каражат бөлүндүIT, креативдүү экономика, технология: Бишкекте «Go Viral Festival 2026» фестивалы өтөтАйрым аймактарда жаан жаайт: 8-августка карата аба ырайы
Нарында 4 баллдык жер титирөө болду
18.11.2025 | 10:12

Бүгүн, 18-ноябрда, таңкы саат 05:56да Нарын облусунда күчү 4 балл болгон жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту билдирди.
Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Кыргызстанда орун алган. Силкинүү облустун Таш-Булак айылында 4 баллга, Нарын шаарнда 3,5 баллга, ал эми Орто-Саз жана Жан-Булак айылдарында 3 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалыматтар боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар