Европа инвестициялык банкы «CASA-1000» долбоорун кошумча каржылайт. Президент мыйзамга кол койду

Өлкө башчы Садыр Жапаров Кыргызстан менен Европа инвестициялык банкынын ортосундагы «Борбордук Азия – Түштүк Азия электр энергиясын берүү жана сатуу долбоорун кошумча каржылоо «CASA-1000» долбоору боюнча финансылык контрактты ратификациялады. Бул тууралуу «Эркин-Тоо» гезитинде жарыяланды.
Маалыматка ылайык, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан ушул жылдын 25-сентябрда кабыл алынган.
Мыйзамда Финансы министрлигине аталган финансылык контракттын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргызстан тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Европа инвестициялык банкына кабарлоо тапшырылды.
Белгилей кетсек, «CASA-1000» долбоорунун алкагында Кыргызстанда кубаттуулугу 500 кВ болгон электр берүү линиясы жана «Датка» подстанциясына тиешелүү инфраструктура курулат.