Садыр Жапаров жабыркаган аскер кызматкеринин ишин жеке көзөмөлүнө алдыБаткенде алимент төлөөдөн качкан жаран 2 жылга эркинен ажыратылдыБарскоон – Бедел унаа жолун куруу боюнча мамлекеттик дирекция түзүлдүБаткенде аскер кызматкери оор жаракат алды: депутат шашылыш жардам көрсөтүүнү сурандыКыргызстанда жарандарды каттоо эрежелерин жөнөкөйлөтүү сунушталдыБишкекте ат минип эс алуу: 5 метр алыстык жана кенеге каршы спрей
Фарид Ниязов апрелдин жарымына чейин абакта болот
18.03.2021 | 15:21
Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси жана анын президенттик аппаратын жетектеген Фарид Ниязовдун иши Бишкек шаардык сотунда каралды. Бул тууралуу шаардык соттон кабарлашты.
Маалыматка ылайык, сот отуруму бүгүн, 18-мартта орун алып, анда Ниязовдун камактагы мөөнөтү 13-апрелге чейин узартылды.
Белгилей кетсек, Биринчи май райондук соту Ниязовду 10-февралга чейин камакка алган.
Фарид Ниязов 2019-жылдын август айындагы Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, №1 тергөө абагында кармалып турган. 2020-жылдын 6-октябрдагы башаламандык учурунда камактагы саясатчылар менен бирге абактан чыгып 11-октябрда кайра кармалган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар