Финансы министри: Айлык акы, жөлөк пулдар өз убагында берилет

Финансы министри: Айлык акы, жөлөк пулдар өз убагында берилет

Өкмөт жөлөк пул, пенсия жана айлык акыларды өз убагында берет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоонуу жана коопсуздук комитетинин жыйынында финансы министри Бактыгүл Жээнбаева маалымдады.

Министр мамлекеттик бюджеттен каржыланган кызматкерлердин айлык маянасы кармалып жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт экенин айтты.

«Айлык акы, жөлөк пул жана пенсияны өз убагында беребиз. Эч кандай кечигүүлөр болбойт», — Бактыгүл Жээнбаева.

Жыйында массалык түрдө өтө турчу маданий жана спорттук иш-чаралырды каржылоо токтотулганы маалым болду.

«Бюджетти канчалык үнөмдөп жатканыбызга карабай, эгер бажы жана салык кызматы төлөмдөрдүн планын толтура албаса, анда бюджетте эң жок тартыштык болушу күтүлөт. Ошондуктан биз эл аралык донорлор жана башка өнөктөштөр менен сүйлөшүү жүргүзүп жатабыз», — деп кошумчалады финансы министри.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>