Финполиция ири суммадагы пара менен ИИМ кызматкерин кармады – видео

Финполиция ири суммадагы пара менен ИИМ кызматкерин кармады – видео

Ички иштер министрлигинин кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык,  Финансы полициясына “Т.Б.” аттуу жаран милиция кызматкери 3 миң АКШ доллар суммасында акча талап кылып жатканын айтып, арыз менен кайрылган. 

Аталган иш боюнча ыкчам аракеттер башталып, 21-декабрда 100 миң сом пара алып жаткан жеринен Сокулук РИИБинин кызматкери “Р.Б.” аттуу адам кармалган.

Шектүү Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери башталган. 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>