Site icon Reporter.kg

Франциялык футбол клубу Мбаппени 300-350 млн еврого сатууга даяр

Франциялык «Пари Сен-Жермен» футбол клубу курама команданын чабуулчусу Килиан Мбаппени 300-350 миллион евро компенсацияга сатууга даяр, деп жазат The Telegraph.

Футболчунун 2025-жылга чейин келишими бар. Бирок, клуб эгер Мбаппе кеткиси келсе жана тиешелүү сунуш түшсө, аны сатууга даяр. Учурда «Пари Сен-Жермен» Мбаппени 300-350 миллион еврого баалап жатат.

“Реал Мадрид” Килианга бизден көбүрөөк сунуштады. Бирок, футболчу бизди тандап алды. Бул эң маанилүү билдирүү болду. Ал бул жерде ойноону тандаган жана кеп  акчада эмес», — деди ПСЖнын булагы.

Эске салсак, Килиан Мбаппе турнирдин жети беттешинде сегиз гол киргизип, Катарда өткөн дүйнө чемпиондугунун мыкты бомбардири аталды. Француз оюнчусу Лига 1де бул сезондо 14 оюнда 12 гол киргизген.

Белгилей кетсек, 18-декабрда, Доха шаарында  футбол боюнча дүйнө чемпионатынын финалдык беттеши өтүп, анда  Аргентина менен Франциянын улуттук курамалары ойноду. Соңунда Аргентинанын курамасы жеңишке жетип, дүйнө чемпиону аталды.

Президент Садыр Жапаров чет өлкөлөрдүн чакырылган башка лидерлери менен катар дүйнө чемпионатынын финалдык беттешине күбө болду. 

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version