Гүлнара Жамгырчиева кайрадан Кыргызстандын акыйкатчысынын орун басары кызмат ордуна шайланды. Кечээ, 18-мартта Жогорку Кеңеш жыйынында ал депутаттардын басымдуу добушун алды. Бул кызматта Жамгырчиева 2015-жылдан бери иштеп келет.
Ал 57 жашта. Жогорку билимдүү, Кыргыз мамлекеттик айыл чарба институтунун Гидротехника факультетин инженер-гидротехник адистиги боюнча бүтүргөн.