Өнөр жай, социалдык объектилерди жана суу сактагыч куруу: Президент Араван районун өнүктүрүү пландары менен таанышты12-апрелге карата аба ырайыАйга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөт
Гарантиялык фонд Тажикстандын «Замонат» коомдук уюму менен кызматташат
17.07.2025 | 11:20
Кыргыз-тажик экономикалык форумунун алкагында “Гарантиялык фонд” ААКы менен “Замонат” коомдук уюму кызматташтык тууралуу келишимге кол коюшту. Бул тууралуу “Гарантиялык фонддун” басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, документ уюмдардын ортосундагы ишкердик байланышты чыңдоого жана узак мөөнөттүү кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган.
Форумда “Гарантиялык фонддун” жетекчиси Малик-Айдар Абакиров презентация жасап, ишкерликти колдоонун ыкмалары жана фонддун Кыргызстандагы бизнес өнүгүүсүндөгү ролу тууралуу айтып берди.
Белгилей кетсек, «Замонат» коомдук уюму — Тажикстанда чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча эксперттердин тобун бириктирген уюм.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика