Гиннеске кирүүнү көздөгөн Дөөлөт Сыдыков «Манас» айтууну баштады – сүрөттөр

Гиннеске кирүүнү көздөгөн Дөөлөт Сыдыков «Манас» айтууну баштады – сүрөттөр

Бүгүн, 12-ноябрда Бишкектеги «Ала-Тоо» аянтында манасчы Дөөлөт Сыдыков «Гиннес» рекорддор китебине кирүү үчүн, узак убакытка «Манас» айтып баштады.

Борбордук аянтта иш-чараны ачуу аземи саат 9.00дө башталган. Аянтта беш метр бийиктикте айнектен жасалган боз үй коюлган. Анын ичинде Дөөлөт Сыдыков токтобой, тынымсыз «Манас» айтат. Сырттагы элге жакшы угулуу үчүн үн аппараттары коюлган.

[su_image_carousel source=»media: 47899,47898,47897,47900,47896,47895,47894″ crop=»none» autoplay=»4″]

Сыдыковдун жергиликтүү басылмаларга берген интервьюсунда, ал «Манасты» айтып калуусуна эки нерсе түрткү болгонун билдирген.

«Чоң аталарым «Манас» айткан инсандар болгон. Экинчиден, 12 жашымда түшүмдө аян алып, улуу өнөргө сүңгүгөм», – деген ал.

Дөөлөт Сыдыков улуу манасчы Саякбай Каралаевди өзүнүн устаты катары эсептеп келет.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>