Гонконгдогу эң ири өрттөн каза болгондор 146га жетти

Гонконгдогу эң ири өрттүн кесепетинен каза болгондордун саны 146га жетти. Бул тууралуу Reuters агенттиги маалымдады.
Учурда Гонконг бийлиги ири өрттөн кыйраган турак жай комплексиндеги калган көп кабаттуу үйлөрдү кылдат текшерүүнү улантууда.
Полиция күйүп кеткен жети имараттын төртөөнү толук текшерип бүтүштү. Текшерүү маалында өрттөн качып баратып чыга албай калып калган жашоочулардын сөөктөрүн тепкичтерден жана чатырлардан табылган.
Маалыматка ылайык, аталган үйлөрдө 4 миңден ашык адамдар жашашкан. Бийлик азыркы тапта болжол менен 40 адам дайынсыз болуп жатканын билдирди. Ал эми өрттөн аман калган 1 миң 100дөн ашык тургун убактылуу турак жайларга көчүрүлгөнүн, дагы 680 адам студенттик жатаканаларга жана мейманканаларга жайгаштырылган.
Reuters бул окуя боюнча бийлик 11 адамды кармаганын кошумчалады.
Эске салсак, 26-ноябрда Wang Fuk Court аттуу турак жай комплексинде өрт чыгып, кыска убакыттын ичинде 31 кабаттан турган сегиз үйдү каптап кеткен. Бул акыркы жылдардагы Гонконгдогу эң ири өрт болуп калды.