Гареев атындагы Ботаникалык бактын администрациясына таштандыларды топтогону үчүн айып пул салындыКыргызстан Минск шаарында өткөн антитеррордук форумга жана машыгууларга катыштыЧүй облусунун 100 жылдыгына карата Кант шаарынын мэриясы майрамдык видеоролик тартууладыМал ээлери эми «Түндүк» тиркемесинен өз малдары тууралуу маалыматтарды көрө алышатСадыр Жапаров КМШ өлкөлөрүнүн башчылары менен бирге Авазадагы улуттук тамак-аш фестивалына бардыКыргызстанда бир жумада КРВИ жана сасык тумоо менен 5,5 миңден ашык адам ооруду: бейтаптардын 75%ы — балдар
Гонконгдогу эң ири өрт: каза болгондордун саны 94кө жетти
28.11.2025 | 10:19
Гонконгдогу турак жай комплексинде чыккан өрттөн каза болгондордун саны 94 адамга жетти. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар өрт кызматтарына таянып билдиришти.
Эскерте кетсек, 26-ноябрда Wang Fuk Court аттуу турак жай комплексинде өрт чыгып, кыска убакыттын ичинде 31 кабаттан турган сегиз үйдү каптап кеткен. Бул комплексте 4 миңге чейин адам жашайт. Бул — акыркы жылдардагы Гонконгдогу эң ири өрт.
Жергиликтүү бийлик өрттүн ушунчалык тез жайылышын “адаттан тыш” көрүнүш деп атап, кырсыктын себептерин аныктоо үчүн кылмыш ишин козгоого убада берди. Этиятсыздык менен киши өлтүрүүгө шектелип үч адам кармалды.