Гуанчжоу – Бишкек багыты боюнча авиакаттамдар аткарыла баштады

29-мартта «China Southern Airlines» авиакомпаниясы Гуанчжоу – Бишкек – Гуанчжоу багыты боюнча алгачкы каттамды ишке ашырды. Алгачкы рейс менен «Манас» эл аралык аэропортуна 134 жүргүнчү келип, кайра Гуанчжоу шаарына 104 жүргүнчү учуп кетти.
«Кыргызстан аэропорттору» ААКынын маалыматында, бул багыт ишкана менен кытайлык өнөктөштөрдүн кызматташуусунун негизинде биринчи жолу ачылууда.
Эми туруктуу каттамдар жумасына эки жолу: шаршемби жана жекшемби күндөрү ишке ашырылып турат. Каттам жүргүнчү жана жүк ташууну өнүктүрүүгө, ошондой эле эки өлкө ортосундагы экономикалык жана транспорттук байланыштарды чыңдоого багытталган
“Бул каттамдын ачылышы — маршруттук тармакты кеңейтүүдөгү жана Кыргызстандын эл аралык байланышын күчөтүүдөгү кадам. Биз бул багыттын жүргүнчү агымы жана жүк ташууну өнүктүрүү жагынан потенциалы жогору экенин көрүп турабыз”, — деп белгиледи «Кыргызстан аэропортторунун» Башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов.
Учурда “China Southern Airlines” Бишкектен Пекин шаарына жумасына алты жолу каттамдарды аткарып келет. Ошондой эле ушул жылдын июль айынан баштап «Air China» авиакомпаниясы Бээжин – Бишкек – Бээжин багыты боюнча туруктуу каттамдарды аткара баштаары белгилүү болгон.