Кыргыз Эл артисти, төкмө акын Элмирбек Иманалиев каза болду

Кыргыз Эл артисти, төкмө акын Элмирбек Иманалиев каза болду

Төкмө акын, обончу, ырчы Элмирбек Иманалиев 42 жаш курагында дүйнө салды. Маалыматты “Репортерго” анын жакындары тастыктап, акын оорудан улам каза болгонун айтышты.

Элмирбек Иманалиев 1978-жылы 17-январда Токтогул районунун Өзгөрүш айылында төрөлгөн.

Мектепти бүткөндөн кийин Кыргыз Улуттук филармониянын алдындагы эки жылдык студиядан окуп, андан кийин Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунун фольклор бөлүмүн аяктаган.

Алгачкы эмгек жолун чыгармачыл өспүрүмдөрдүн республикалык “Сейтек” борборунда иштөөдөн баштаган. Кыргыз улуттук филармониясында, Чүй облустук драма театрында эмгектенген. Соңку жылдары “Айтыш” коомдук фондусунун акындар мектебинин устаты болуп, көптөгөн шакирттерди таптап келген.

1993-жылдан бери айтыш боюнча республикалык жана эл аралык көптөгөн фестивалдарда баш байгенин ээси болгон. Ырчы, обончу катары “Булбулум”, “Аруузатым”, “Жалгыздыктан тажап бүттүм”, “Коштошуу вальсы”, “Мунарым”, “Балкыма” ж.б. чыгармалары менен белгилүү.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>