Осло-2021: Айсулуу Тыныбекова япониялык балбанды жеңди

Осло-2021: Айсулуу Тыныбекова япониялык балбанды жеңди

Кыргызстандык балбан 62 кг салмакта күрөшкөн Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер арасында күрөш боюнча Дүйнө биринчилигинде алгачкы атаандашын жеңди. Бул тууралуу United World Wrestling уюмунун сайтында кабарланды.

Ал 1/8 финалында япониялык Нонока Озакини 6:4 эсебинде утуп, мелдештин чейрек финалына чыкты.

1/4 финалда Айсулуу Тыныбекова Беларусиянын спортчусу Вераника Иванова менен кез келет.

Айсулуу Тыныбекова Японияда өткөн жайкы Олимпиада оюндарында күмүш медалдын ээси.

Мелдеш Норвегиянын борбору Осло шаарында 2-10-октябрь күндөрү өтөт. Кыргызстандын атынан 15 балбан барган.

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>