Талас мамлекеттик университетинин жаңы имараты курулуудаСадыр Жапаров менен UIM президенти Ысык-Көлдө F1H2O дүйнө кубогун өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулаштыОш шаарындагы Курманжан Датка көчөсүнө акация көчөттөрү отургузулдуШайырбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырдыТИМ: Жакынкы Чыгыштагы кыргызстандыктарды эвакуациялоонун кезектеги этабы башталдыСот аткаруучулар кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Капаловдун cөөгү табылды
Орусия: Массалык мушташка катышкан 3 кыргыз кармалды
25.10.2021 | 11:43
Санкт-Петербургда Кыргызстандын жарандарынын катышуусунда массалык мушташ болду. Бул тууралуу орусиялык басылмалар укук коргоо органдарындагы булактарга таянуу менен жазып чыгышты.
Журналисттердин айтымында, окуя эртең менен саат 9дар чамасында Южное шоссесинде болгон.
Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери мурда соттолбогон Кыргызстандын 19, 25 жана 31 жаштагы үч жаранын кармап, милицияга алып кетишкен.
Окуянын бардык жагдайлары такталууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар