Казандан Кабулга чейин жөө: тревел-блогер адамдардын боорукердиги жана Кыргызстан тууралууАкжол Махмудов Азия оюндарында коло медаль уттуАзия оюндары: балбан Жоломан Шаршенбеков алтын медаль уттуСадыр Жапаров Илон Масктын SpaceX компаниясынын Калифорниядагы өндүрүштүк комплексине бардыБишкектин Жукеев-Пудовкин көчөсүндө 3-октябрда унаа кыймылы убактылуу чектелетКыргызстанда мамлекеттик органдардын ички аудитин күчөтүү сунушталууда
Травматология, ортопедия жана илим изилдөө борбору өзгөрдү
04.02.2022 | 14:25
Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборун кайра түзүү тууралуу буйрукка кол койду. Бул тууралуу министр маалымат жыйынында билдирди.
Аткаминердин айтымында, Бишкек шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы болуп өзгөртүлгөн.
«Борбордо Сабырбек Жумабеков каалаганын кылган. Ошондуктан ал үчүн сот алдында жооп бериши керек. Жакшы жактоочу таап, өзүн коргойм десе, коргой берсин деди», – деди Алымкадыр Бейшеналиев.
Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун мурдагы жетекчиси Сабырбек Жумабеков кызматынан бошотуп, ордуна башканы алып келгенин да кабарлаган.
Сабырбек Жумабеков: Министрди кетирбесек, медицина оңолбойт (ВИДЕО)
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар