Ошто ишкерге кримчөйрөнүн кишилери кол салды

Ошто ишкерге кримчөйрөнүн кишилери кол салды

ИИМдин Ош шаары боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан денеге залал келтирүү фактысы боюнча шектүүнү кармашты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ушул жылдын октябрь айынын аягында Ош шаарында белгисиз адам ишкердик менен алектенген жергиликтүү тургундун денесине оор залал келтирген. Кол салган бою эки метрдей болгон адам, өзүн криминалдык чөйрөнүн өкүлү экенин айтып, бул иерархияда жогорку орунду ээлей турганын билдирип коркуткан.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам-иликтөө иш-чаралары ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Ош шаары боюнча башкармалыгынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн.

Жакында эле кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан аталган кылмыш ишинин алкагында жүргүзгөн ыкчам иш-чараларынын негизинде кылмышка шектүү катарында 1995-жылы туулган Т.А., аттуу жаран кармалган. КИББнын билдирүүсү боюнча, бул жаран криминалдык авторитет жана уюшкан кылмыштуу топтун башка мүчөлөрү менен тыгыз байланышта.

Учурда кармалган жаран Ош шаардык ИИБнын УКЖда киргизилип, тийиштүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: криминал

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>