Айланма жолдун бөлүгүнө жол белгилер жаңыртылды

Айланма жолдун бөлүгүнө жол белгилер жаңыртылды

Кечээ, 3 январь күнү Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун бөлүгүнө жол белгилери кайра жаңыдан орнотулду. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2022 жылы 31 декабрь күнү Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 37 км бөлүгүндө (Кант шаары көздөй кете турган тарапта) жолдун ортосунда жайгашкан бетон курулушмасынын 8.2.1. “Тоскоолдук” жана 4.2.1 «Тоскоолдукту оң жагынан айланып өтүү» жол белгилери жол кырсыгына байланыштуу талкаланган.

Тилекке каршы бул белгилердин бардыгын жүк ташуучу унаалардын айдоочулары бурулуп баратканда сүзүп коюшууда.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги айдоочуларды 8.2.1 “Тоскоолдук” же 4.2.1 “Тоскоолдукту оң жагынан айланып өтүү” жол белгилери орнотулган жерлерде бурулуп баратканда этият болууну жана белгилерди кулатпоону суранат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: жол белги

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>