Түркияда зилзала болгон жерлерге талаа ооруканалары тигилди

Түркияда зилзала болгон жерлерге талаа ооруканалары тигилди

Түркиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги жер титирөөдөн жабыркаган Түркиянын 10 провинциясына талаа ооруканасына 77ин жайгаштырды. Ооруканалар тез медициналык жардам көрсөтөт, кээ бирлери операция жасашат.

Бул тууралуу Түркиянын саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа Twitter баракчасына жазды.

 «Алардын баары тез жардам көрсөтүшөт, айрымдары хирургиялык операцияларды жасашат. Жер титирөөдөн жабыркаган жарандар талаа ооруканаларында дарыланып, андан соң керек болсо тик учак менен ооруканаларга жөнөтүлөт», — деп жазган ал.

Дүйшөмбү күнү, 6-февралда Түркиянын түштүк-чыгышында күчү жети баллдан ашкан эки жер титирөө болду (жергиликтүү убакыт боюнча саат 04:17де – 7,7 балл жана 13,24тө – 7,6 балл).

Түркиянын түштүк-чыгышында болгон жер титирөөдөн каза болгондордун саны 8,5 миңден ашты.

Президент Режеп Тайып Эрдоган жаратылыш кырсыгынан каза болгондор үчүн Түркияда жети күндүк улуттук аза күтүү жарыялады. Түркиянын мамлекеттик желектери өлкө боюнча жарым ылдый түшүрүлдү.

Зилзала Сирия, Ливан, Түндүк Кипр, Грек Кипр жана Ирак сыяктуу коңшу өлкөлөрдө да сезилди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>