Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов Сулайман -Тоонун айланасындагы инфраструктураны жакшыртуу боюнча иш планын түзүү үчүн тиешелүү кызматтардын жетекчилерине керектүү тапшырмаларды берди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, шаар башчысы Сулайман-Тоо улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин инфраструктурасы менен таанышып, аталган Ошжайдын ичиндеги жолдордун, унаа токтоочу жайлардын абалына өзгөчө көңүл бурган.
Белгилей кетсек, «Сулайман-Тоо» Улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси 2009-жылдан бери ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине киргизилген.