Парламенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу кызматтан кетти. Бул тууралуу ал Facebook баракчасына жазды.
— Урматтуу кесиптештер! Бүгүн Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматынын жетекчиси кызматынан кетүүнү чечтим. Сиздер менен беш жылга жакын ачык-айрым, тыгыз байланышта иштедик. Баарыңыздарга ыраазылык билдирем.
Ибраим Нуракун уулу ишмердүүлүгүн телеберүүдө баштаган. Кийин Би-Би-Си радиосунда эмгектенген.