ИИМ: Балыкчыда талаадан курал жана ок-дарылар табылды – видео

ИИМ: Балыкчыда талаадан курал жана ок-дарылар табылды – видео

Ички иштер министрлигинин Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы кызматы талаага катылган курал-жарак жана ок-дарыларды аныкташты. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Такталгандай, 25-октябрда Балыкчы шаарынын түштүк тарабында жайгашкан дамбага эки адам белгисиз буюмдарды көмүп жаткандыгы боюнча маалымат түшкөн.

Алынган маалыматтын негизинде Жазык кодексинин  253- беренеси (“Куралдарды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү”) боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

[su_image_carousel source=»media: 47526,47525,47524″ crop=»none» autoplay=»4″]

7-ноябрь күнү ыкчам иликтөө иш-чараларынын негизинде  Балыкчы шаарынын Тоголок Молдо жана Арчалы көчөлөрүнүн кесилишиндеги дамбанын түндүк тарабы жакта таштарга көмүлгөн көгүш түстөгү  спорттук сумка табылган.

Анын ичинен АКСУ-5,45 мм үлгүсүндө Калашников автоматы,  магазини жана 30 огу менен, граната, 2 жуп беткап, кол кап, бычак ж.б. буюмдар чыккан.

Аталган факт боюнча соттук-химиялык, соттук-балистикалык, соттук-дактилоскопиялык, соттук-криминалисттик экспертизалар дайындалды.

  Учурда жогорудагы кылмыш иштерине тиешеси бар адамдардын өздүгүн тактоо жана кармоо боюнча ыкчам иликтөө иш-чаралары, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>