«Гавайинин» ээси Журат Абдуллаев өз үйүндө кайтыш болдуОш мэри: Өрттөнгөн көп кабаттуу үй мэриянын эсебинен оңдолотОш шаарында көп кабаттуу үйдөн ири өрт чыктыБишкекте айдоочулук күбөлүгү жок өспүрүм катышкан жол кырсыгы болуп, бир бала каза таптыСаясат жана кылмыш темаларын чагылдырган журналист Вадим Ночевкин каза таптыТаш жүктөп бараткан. Бишкекте жүк ташуучу унаа оодарылып кетти
ИИМ: Бишкекте эки жаран 1,9 кг баңгизат менен кармалды
15.08.2024 | 16:19
Бишкекте эки жаран 1,9 кг баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
ИИМдин маалыматы боюнча, Баңгизатка каршы күрөшүү кызматы Баткендин кээ бир тургундары маңзат сатып жүргөнүн аныктаган. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Милиция 15-мартта Бишкекте Hyundai унаасы менен бараткан 51 жаштагы Т.Ж. жана 36 жаштагы Ж.А. аттуу эки жаранды кармаган. Унааны тинтүү учурунда 1 кг 991 грамм нашаа баңгизаты табылып алынган.
Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.
Тергөө иштери уланууда.