Айга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөтАйтматов проспектисинде кире бериш жолдор ачылып, жаңы жолдор курулатБишкекте көп функционалдуу жаңы спорт комплекс ачылды
ИИМ: «Кыргызнефтегаз» ишканасындагы коррупция боюнча төрт киши кармалды
18.03.2026 | 18:00

Ички иштер министрлиги «Кыргызнефтегаз» ААКтагы коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында шектүүлөр кармалганын билдирди.
Кылмыш иши Мамлекеттик салык кызматынын иликтөөсүнүн негизинде козголгон. Иликтөөдө аталган ишканада күйүүчү-майлоочу материалдарды сатуудагы коррупциялык схемалар тууралуу айтылат. Тергөө иштеринин алкагында төмөнкү жарандар кармалды:
- 43 жаштагы Н.Н. — «Кыргызнефтегаз» ААКтын башкармалыгынын мурдагы төрагасы;
- 46 жаштагы А.Р. — «Кыргызнефтегаз» ААКтын башкармалыгынын төрагасынын мурдагы орун басары;
- 38 жаштагы А.Н. — ишке тиешеси бар компаниялардын биринин директору;
- 36 жаштагы М.Б. — тиешеси бар компаниянын мурдагы директору.
Кармалган адамдар Бишкек шаардык ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда иштин жагдайларын аныктоо жана башка тиешеси бар тараптарды тактоо боюнча тергөө аракеттери улантылууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар