ИИМ: Кытайлык айдоочуларга жол эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Кыргыз-кытай чек арасында кытайлык айдоочуларга Кыргызстандын аймагына кирген учурда жол кыймылынын эрежелерин так сактоо, айрыкча каршы тилкеге чыкпай айдоо тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Ички иштер министрлигинин маалыматында, бул чара IV Элдик курултайда көтөрүлгөн маселенин негизинде жүргүзүлдү. Анда Ош облусунан келген делегат Ош–Сары-Таш–Иркештам автоунаа жолунда унаа тыгындары жаралып жатканын айтып, ички иштер министри Улан Ниязбековго кайрылган.
Министрдин тапшырмасы менен Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Азенбек Козукеев “Ош” бажысынын “Иркештам” бажы пунктуна барып, кыргыз-кытай чек арасындагы айдоочулар менен жолугушуу өткөргөн.
Анда котормочулардын жардамы менен кытайлык айдоочуларга жол эрежелерин сактоонун маанилүүлүгү түшүндүрүлгөн. Ошондой эле кытай тилинде даярдалган түшүндүрмө баракчалар таратылган.
Мындан тышкары Ош-Сары-Таш-Иркештам унаа жолунда жасалма тыгындарды жаратып, каршы тилкеге чыккан чет өлкөлүк жана жергиликтүү айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
Жыйынтыгында Азенбек Козукеев тиешелүү жактарга жол кыймылын жөнгө салуу иштерин күчөтүү боюнча тапшырмаларды берген.