Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Марлен Маматалиев менен болгон талаштан кийин кечирим сурадыБишкекте асма метро куруу мүмкүнчүлүгү каралуудаБишкектин бир бөлүгүндө 23-октябрда ичүүчү суу убактылуу токтотулатУлуттук банк эки төлөм уюмуна 6,2 млн сом айып пул салдыКыргызстандагы 25 мектепке «Starlink» спутниктик интернетинин терминалдары тапшырылдыКыргызстанда балдардын онкологиясына бөлүнгөн каржылоо беш жылда үч эсе өстү
УКМК «Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомуна» таандык жер мыйзамсыз менчиктештирилгенин аныктады
31.12.2025 | 16:10

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Бишкектеги “Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коому” коомдук бирикмесине таандык жер мыйзамсыз жеке менчикке берилип кеткенин билдирди.
Атайын кызматтын маалыматында, буга чейин коомдук бирикменин менчигинде болгон, Б. Исакеев көчөсүндө жайгашкан 1 гектар жер тилкеси жасалма түрдө бир нече тилкелерге бөлүнгөнү белгилүү болгон. Натыйжада алардын айрымдарына “Пионер” курулуш компаниясы көп батирлүү турак жайларды курган.
Көрүлгөн чаралардын негизинде жалпы аянты 499,08 чарчы метрди түзгөн цоколдук жайлар мамлекеттик баланска кайтарылды.
УКМК мыйзам бузуу менен мамлекеттик менчиктен чыгарылып кеткен активдерди аныктоо жана кайтарып алуу боюнча иштерди улантарын билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар