ИИМ: Шайлоого 14 миңден ашык милиционер тартылып, добуш сатып алуу боюнча 9 кылмыш иши козголду
Бүгүн, 30-ноябрда Кыргызстанда өтүп жаткан шайлоо маалында коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо үчүн өлкө боюнча 14 миңден ашык милиция кызматкери тартылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Султан Макилов билдирди.
Анын айтымында, ИИМдин бардык аймактык бөлүмдөрү күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.
Макиловдун белгилешинче, социалдык тармактардан түшкөн шайлоо мыйзамдарын бузуу тууралуу маалыматтарды документтештирүү үчүн тажрыйбалуу кызматкерлерден турган атайын топтор түзүлгөн.
Добуш сатып алуу боюнча 9 кылмыш иши козголду
ИИМ шайлоо өнөктүгү башталгандан бери укук бузуулар тууралуу 256 маалымат түшкөнүн билдирди. Алардын ичинен 9 факты добуш сатып алуу белгилери боюнча кылмыш ишинин козголушуна негиз болгон.
Региондор боюнча кылмыш иштеринин саны:
- Бишкек шаары – 5 иш,
- Чүй облусу – 2 иш,
- Жалал-Абад облусу – 2 иш.
Учурда бардык фактылар боюнча тергөө амалдары улантылууда.