14-апрелге карата өзгөчө абал киргизилген Бишкек жана Жалал-Абад шаарларында коменданттык сааттын талаптарын бузганы үчүн 46 адам кармалып, 9 автоунаа атайын жайга токтотулган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.
Алардын ичинен: Бишкек шаарында – 40, Жалал-Абад шаарында – 6.
Ал эми Ош шаарында, Кара-Суу ,Ноокат жана Сузак райондорунда тартип бузуулар катталган эмес.
Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 2472 жаран коменданттык саатты бузганы үчүн милициянын кайгуул тобу тарабынан кармалып, коё берилди.
25-марттан тартып коронавирус көп чыккан Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Кара-Суу, Ноокат, Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилген.
13-апрелге карата Кыргызстанда коронавирусун жуктурган жалпы 419 учур катталды. Алардын ичинен 67 бейтап оорудан сакайып, үйлөрүнө чыгарылган. Ал эми 5 киши каза болгон. Ооруну жугузуп алгандардын ичинен 79 бейтап медицина кызматкерлери.