Өнөр жай, социалдык объектилерди жана суу сактагыч куруу: Президент Араван районун өнүктүрүү пландары менен таанышты12-апрелге карата аба ырайыАйга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөт
ИИМ Тай-Мурас Ташиевге карата кылмыш ишин козгоду
17.03.2026 | 16:08

УКМКнын мурдагы жетекчиси Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев Ички иштер министрлигине суракка чакырылды. Бул тууралуу Reporter.kg редакциясына күч түзүмдөрүндөгү булактар тастыкташты.
Маалыматка ылайык, ИИМ ага Мамлекеттик салык кызматынын «Кыргызнефтегаз» компаниясында миллиарддаган сом уурдалышы мүмкүн экендиги айтылган видеоматериалдарынан кийин кылмыш ишин козгоду. Тергөөнүн башталышына жарыяланган публикациялар, анын ичинде Тай-Мурастын аты аталган «Салык сервис» материалдары себеп болгон.
Учурда тергөө иштерин ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгы жүргүзүп жатканы такталды.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар