Илимий-изилдөө институтунун хирургдары өспүрүмдүн жабыркаган кан тамырларын алмаштырышты
Жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу илимий-изилдөө институтунда кан тамыр хирургиясындагы эң татаал операциялардын бири ийгиликтүү жасалды. Дарыгерлер тобу аортасы жана анын бутактары олуттуу деңгээлде жабыркаган 15 жаштагы бейтаптын өмүрүн сактап калышты.
Өспүрүм бөйрөк жана ич көңдөйүнүн кан тамырларынын ичкерип кетишинен улам келип чыккан оор артериалдык гипертензиядан жабыркап келген. Аны сактап калуунун жалгыз жолу татаал реконструктивдүү операция — артерияларды шунттоо жана протездөө болчу.
Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы балдар кардиохирургу Бекболот уулу Нурболот белгилегендей, Жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу илимий-изилдөө институту мындай кийлигишүүлөрдү жасоо үчүн зарыл жабдуулары (анын ичинде ЭКМО) жана компетенттүүлүгү бар өлкөдөгү жападан жалгыз мекеме. Учурда жаш бейтап өзүн жакшы сезип, ооруканадан чыгууга даярданууда.