Индия Пакистан менен болгон кагылышууда орусиялык куралды колдонгон

Индия Пакистан менен болгон кагылышууда орусиялык куралды колдонгон

Индиянын премьер-министри Нарендра Моди 7-11-майда болуп өткөн Пакистан менен болгон кагылышууда Индиянын абадан коргонуу системасы өзүнүн мыктылыгын көрсөткөнүн билдирди. Бул тууралуу ал Индиянын Пакистанга каршы жүргүзгөн «Синдур» операциясынын жыйынтыгын чыгарып жатканда айтканын КоммерсантЪ басылмасы жазып чыкты.

Ошондой эле Моди аталган операцияда Орусиянын С-400 зениттик-ракеталык комплекстери маанилүү салымын кошконун айткан. Бул куралды Индия Орусиядан 2018-жылы сатып алган.

«Индиянын абадан коргонуу системалары көптөгөн кагылышууларга туруштук бере алды. Akash сыяктуу ата мекендик системалар С-400 сыяктуу алдыңкы платформалар менен кошумча бекемделди. Эми ишенимдүү коргонуу Индиянын өздүгүн аныктаган негизги өзгөчөлүк болуп калды»,- деген премьер-министр Нарендра Моди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>