15-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту 2024-жылы милиция тарабынан кармалган учурда дем жетпей жан берген маркум Иван Сологубовдун иши боюнча эки милиция кызматкерине өкүм чыгарды. Бул тууралуу Сологубовдун агасы «Репортер.kg» маалымат агенттигине билдирди.
Райондук сот А.у.А. жана К.Б. аттуу эки милиция кызматкерин Кылмыш-жаза кодексинин 127-беренесинин 2-1-бөлүгүнүн (өзүнүн кесиптик милдеттерин аткарып жаткан адам тарабынан этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү) негизинде күнөөлүү деп тапкан. Бирок аларды 2 жылдык пробация менен эркиндикке чыгаруу чечимин чыгарган.
Маркумдун агасы Арсений Сологубов соттун чечимине макул эместигин билдирип, күнөөлүүлөргө адилеттүү жаза берүүнү талап кылды.
Эске салсак, 2024-жылы 9-августта Иван Сологубов милиция кызматкерлери кармап жаткан учурда көз жумган. Милиция кызматкерлери анын колун кайрып, үстүнөн басып, мойнун тизеси менен баска учуру жана Сологубовдун жан берген учуру видеого түшүп калган. Видео интернет тармактарына тарап, окуя коомдо резонанс жараткан.
Бул окуя боюнча милиция Бишкекте эркек киши өз жанын кыюуга аракет кылганын, андан кийин көчө жакка чуркап чыгып, өзүн жаман сезип, белгисиз себептерден улам каза болгонун билдирген. Бирок маркумдун агасы Арсений Сологубов милициянын айтканына ишенбей, калыс иликтөө жүргүзүүнү талап кылган.
Анын айтымында, жүргүзүлгөн соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы маркум мойнун, көкүрөк тушун жана ичин катуу нерсе менен баскандан улам деми кысылып, асфиксиядан каза болгонун көрсөткөн. Ошондой эле экспертиза ал кармалган учурда ичимдик ичпегенин, баңгизат колдонбогонун тастыктаган.
Кийинчерээк Арсений Сологубов милицияга «адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш ишин козгоону суранып, башкы прокурорго кайрылганын билдирген.