Инсталляциялар, куймактар, концерттер жана мастер-класстар. «Евразия» паркында Масленица кандай белгиленди?
Борбор калаадагы «Евразия» үй-бүлөлүк эс алуу паркында 16сынан 22-февралга чейин өткөн Масленица майрамы аяктады. Бир жума ичинде иш-чараларга 50 миңден ашык жаран катышты. Администрациянын маалыматы боюнча, бул убакыт аралыгында парк ачылгандан бери келгендердин жалпы саны расмий түрдө бир миллион адамдык чектен ашты.
Майрам учурунда парктын инфраструктурасы тематикалык объекттер менен, анын ичинде стилдештирилген орус үйү (изба) жана самоор, жомоктогу меш түрүндөгү алты метрлик арт-инсталляциялар менен толукталды. Программа кийизден жасоо жана басуу боюнча чыгармачылык өнөрканалардын ишин, квесттерди өткөрүүнү жана фольклордук ансамблдердин өнөр көрсөтүүсүн камтыды. Майрамдын алкагында салмагы 100 килограммды түзгөн республикадагы эң чоң малина пирогун даярдоо рекорду катталды. Дем алыш күндөрү конокторго куймак таратуу уюштурулду.