Ипотекалык үйлөрдөгү лифттин бузулушу. Компания трос үзүлгөнүн четке какты

03.09.2025 | 13:03

Бишкектеги Гагарин көчөсүндө жаңы салынган ипотекалык көп кабаттуу үйдө болгон лифт окуясына байланыштуу Sky Industrial Group компаниясы түшүндүрмө берди.

Эске салсак, кечээ аталган үйдө лифт токтоп калып, ичиндеги 29 жаштагы киши жабыркаганы кабарланган. Айрым маалымат булактарында лифттин тросу үзүлдү деп жазылган.

Бирок компаниянын техникалык директору Максат Абдрахманов бул маалыматты төгүндөдү. Анын айтымында, лифт өйдөдөн ылдый түшүп келе жаткан учурда электр энергиясында чыңалуу болуп, башкаруу блогу автоматтык түрдө коргонууга өтүп, лифт токтоп калган.

«Адистер толук текшерип чыгышты. Лифттин техникалык абалы жакшы. Трос үзүлгөн эмес, анткени ал жаңы болгондуктан үзүлүп кетиши мүмкүн дагы эмес», — деди Абдрахманов.

Учурда лифтти кошумча текшерүү иштери уланууда.

Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top