Ирактын Кербела шаарында Ашура күнү аза күтүү учурунда мечиттин жанындагы тыгындан 30дан ашык киши каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазды.
Окуядан 100 киши ар кандай жаракаттарды алган, алардын ичинен 10 чактысынын абалы оор экендиги айтылат.
Тыгын зыяратчы чалынып жыгылгандан кийин башталган.
Жыл сайын Кербеллага эки миллионго жакын зыяратчылар келишет. Ашура күнүндө шиит мусулмандары Мухаммед пайгамбардын 680-жылы киши колдуу болгон небереси Имам Хуссейнди эскеришет.