•  +(996) 557 67 66 40
  •  press@reporter.kg
ДҮЙНӨДӨНЖАҢЫЛЫКТАР

Иран Интерполго кайрылып Трампка эл аралык издөө жарыялоону талап кылды

Тегеран генерал Касем Сулейманинин өлүмүнө байланыштуу АКШ президенти Дональд Трампты камакка алуу тууралуу буйрук чыгарды. Иран прокуратурасы Интерполго кайрылып Трампка эл аралык издөө жарыялоону талап кылды.

АКШ президенти менен кошо тизмеде дагы 35 киши бар. Иран бийлиги аларды Сулейманинин өлүмүнө катышы бар деп эсептеп, киши өлтүрүүгө жана терроризмге айыптоодо.

Интерпол да билдирүү таратып, “саясий, аскердик, диний жана расалык мүнөздөгү иш-аракеттерге” барбай турганын белгиледи.

АКШ Тегерандын билдирүүсү боюнча комментарий бере элек.

Ирандын жогорку даражалуу генералы Касем Сулеймани жыл башында Багдаддын жанындагы аба майданында америкалык дрондун соккусунан каза тапкан. Тегеран ага жооп катары АКШнын Ирактагы күчтөрү жайгашкан базага сокку урган.

Сунушталган жаңылыктар
ЖАҢЫЛЫКТАРКООМ

Бир жума мурун үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз болуп жаткан Бекзат Тешебаев изделүүдө

ЖАҢЫЛЫКТАРКООМ

Сооронбай Жээнбеков Дональд Трампты куттуктады

ЖАҢЫЛЫКТАРОКУЯЛАР

Жумгалда балыкка кеткен бойдон жоголгондор табыла элек

ЖАҢЫЛЫКТАРКООМ

Бишкекте камактагы шектүү милиция бөлүмүнөн качып кетти

Комментарий кош

Сиздин э-почта сайтта көрсөтүлбөйт. Зарыл түрдө толтуруу керек болгондор *