Иран Израилге жана Жакынкы Чыгыштагы АКШнын аскердик объектилерине сокку урду

Иран Израилге жана Перс булуңундагы мамлекеттерде жайгашкан АКШнын аскердик объектилерине баллистикалык ракеталарды учурду.
Эл аралык ЖМКлардын маалыматында, буталардын бири Бириккен Араб Эмираттарындагы (БАЭ) АКШнын күчтөрү жайгашкан «Аль-Дафра» (Al Dhafra Air Base) авиабазасы болду.
Ракеталык соккулар Израилдин аймагына да багытталган. Бир катар райондордо абадан коркунучтун сиреналары жаңырып, абадан коргонуу тутумдары соккуларды абадан тосуп алган. Ракеталардын бир бөлүгү атып түшүрүлгөн.
Бахрейндеги АКШнын 5-флоту жайгашкан аймакта да ракеталык активдүүлүк байкалганы тууралуу айтылууда. Ошондой эле Катардагы АКШнын аймактагы эң ири аскердик объектиси — «Аль-Удейд» (Al Udeid Air Base) базасына сокку урулганы маалымдалууда. Бул чабуулдар буга чейин АКШ менен Израилдин ирандык объектилерге жасаган соккуларына жооп катары ишке ашырылууда.
Бүгүн, 28-февралда, Америка Кошмо Штаттары менен Израил Ирандын аймагына аскердик чабуулдарды башташты.