Иранда кыздар мектебине жасалган авиасоккудан 40тай киши каза болгону айтылууда

Ирандын түштүгүндөгү кыздар мектебине жасалган авиасоккунун кесепетинен каза болгондордун саны кеминде 40 адамга жетти. Бул тууралуу Ирандын IRNA мамлекеттик маалымат агенттиги билдирди.
Окуя Хормозган провинциясынын Минаб шаарында орун алган. Чабуулдун кесепетинен кеминде 45 адам жаракат алды. Аталган шаарда Ирандын Революциялык гвардиясынын базасы жайгашкан. Бул окуя операция башталгандан бери адам өлүмү тастыкталган алгачкы учур болуп калды.
Мындан тышкары Ирандын жооп иретиндеги соккуларынан улам Жакынкы Чыгыштагы өлкөлөрдө адам өлүмдөрү тууралуу маалыматтар берилүүдө. Associated Press агенттигинин маалыматында, Сириянын телеканалдары ирандык ракета Сувейддеги имаратка тийип, 4 адам каза тапканын билдирген. Ал эми Израилде бир адам жаракат алганы айтылууда.
Бүгүн, 28-февралда, Америка Кошмо Штаттары менен Израил Ирандын аймагына аскердик чабуулдарды башташкан. Соккулар өлкөнүн аймактарында жана борбору Тегеранда жасалганы айтылууда.
Иран буга жооп кайтарып, Израилге жана АКШнын Жакынкы Чыгыштагы аскердик объектилерине учкучсуз учактары жана ракеталары менен сокку ура баштаган.