Согуштан кийинки дүйнө: баатыр шаарлар жана эс тутум тууралуу талаш-тартыштарБишкекте иттер сол салган баланы ооруканага жеткирген милиция кызматкери андан кабар алдыБишкекте ЖАМКтын подполковниги бассейнге чөгүп бараткан кызды сактап калды — чоо-жайыКыргызстандык спортчу Венгриядагы дзюдо турниринде биринчи орунду жеңип алдыЧуңкурчакта түлкүнү аткан жарандарга айып пул салындыБишкекте жол тандабас жөө өтмөктөн 25 жаштагы жаранды сүзүп кетип, ал каза тапты
Ирандан келе жаткан 6,4 тонна балык артка кайтарылды
09.12.2025 | 15:35

Ирандан Кыргызстанга мыйзамсыз жол менен алып келинген 6 тонна 480 кг салмакты түзгөн балык азыктары өлкө аймагына киргизилген жок. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Чүй облусундагы «Ак-Тилек» чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пунктунун инспекторлору жүктө ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптары сакталбагандыгын аныкташкан. Мындан улам жүк артка кайтарылды.
“Бул чаралар өлкөнүн эпизоотикалык коопсуздугун камсыздоого, жарандардын ден соолугун коргоого жана ЕАЭБдин бирдиктүү ветеринардык талаптарынын аткарылышын камсыздоого багытталган”,- деп билдирди министрлик.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика