Караколдо «Открыткаларга түшпөгөн Кыргызстан» аттуу фотовыставка өтөтКыргызстанда башка айып пулдары бар болсо да эвакуацияланган унааларды кайтарып берүү сунушталуудаБишкекте «БишХолдер» эл аралык стол үстүндөгү ролдук оюндар фестивалы өтөтУлуттук банк чет өлкөлөрдөгү банктардын уставдык капиталына жаңы талаптарды сунуштады — долбоорШакира Бишкекке концертинен бир күн мурун, 17-октябрда учуп келетУлуттук банк «Почта Банкын» түзүүгө уруксат берди: ал бардык аймактарда иштейт
1-класска электрондук каттоо: Эки күндө 29 миңге жакын бала катталды
03.04.2026 | 12:36

Агартуу министрлиги эки күндүн ичинде мектепке 1-класска жалпы 28 908 бала электрондук каттоодөн өткөнүн маалымдады. Мектепке каттоо 1-апрелде башталган. Ал “Мектеп” (1mektep.edu.gov.kg) автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу жүргүзүлүүдө.
Аймактар боюнча катталган балдардын саны:
- Бишкек шаары — 6 211;
- Ош облусу — 5 341;
- Жалал-Абад облусу — 4 715;
- Чүй облусу — 3 409;
- Баткен облусу — 3 134;
- Ысык-Көл облусу — 2 414;
- Нарын облусу — 1 386;
- Ош шаары — 1 007;
- Талас облусу — 964.
Министрликтин маалыматына ылайык, быйыл республика боюнча жалпы 190 миңден ашык квота каралган.
Учурда каттоонун биринчи этабы жүрүүдө. Бул баскычта ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлүнүн тиешелүү мектептин микроучастогунда туруктуу каттоосу бар балдар кабыл алынат.
Рубрики: Жаңылыктар, Илим-билим