Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи каза болду

01.03.2026 | 13:09

Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 1-мартта, Ирандын IRNA, ISNA, Mehr жана Fars мамлекеттик агенттиктери тастыкташты.

Маалыматка ылайык, Хаменеи 28-февраль күнү таңга маал өзүнүн резиденциясындагы жумуш ордунда АКШ жана Израилдин аскердик операциясынын учурунда набыт болгон. Аны менен бирге кызы, небереси, келини жана күйөө баласы каза тапкан.

Иран өкмөтү өлкөдө 40 күндүк жалпы улуттук аза күтүү жана 7 күндүк иш эмес күндөрдү жарыялады. Али Хаменеи Иран Ислам Республикасын акыркы 36 жыл бою жетектеп келген.

Ислам революциясынын сакчылар корпусу (ИРСК) лидеринин каза болгонуна байланыштуу билдирүү таратты. Анда корпус өз башчысынын жолун улантарын жана мамлекеттин суверенитетин бузгандар жазаланары айтылат. Иран өкмөтү бул окуяны “жоопсуз калбай турган кылмыш” деп атады.

АКШ президенти Дональд Трамп “Truth Social” тармагындагы баракчасы аркылуу аятолла Хаменеинин өлгөнүн маалымдап, бул окуяны Иран эли жана Хаменеинин аракеттеринен жабыркагандар үчүн “адилеттүүлүк” катары мүнөздөдү.

Израил менен Америка Кошмо Штаттары 28-февралда Тегеранга жана Ирандын башка аймактарына соккуларды жасашкан. Дональд Трамп операция Ирандын өзөктүк программасын жок кылуу максатын көздөй турганын билдирип, ирандык аскерлерди куралдарын таштоого чакырган.

Соккулардын натыйжасында Иранда 201 адам каза болуп, 747си жаракат алганы айтылууда. Ал эми Минаб шаарындагы кыздар мектебине жасалган чабуулдан 108 окуучу набыт болгону белгилүү болду. Минаб шаарында Ислам революциясынын сакчылар корпусунун базасы жайгашкан.

Иран буга жооп катары Израилдин аймагына жана Жакынкы Чыгыштагы АКШнын аскердик базаларына ракеталык соккуларды урду. Израилде өзгөчө абал режими киргизилди.

Scroll to Top