Иш сапарга албайт, мыйзамдарга каршы чыгууда. Депутаттар Минкабка нааразы

Иш сапарга албайт, мыйзамдарга каршы чыгууда. Депутаттар Минкабка нааразы

Министрлер кабинети аймактарга иш сапарына ээрчитпей калды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин конституциялык түзүлүш комитетинин жыйынында депутат Жанар Акаев билдирди.

Ал мурдагы чакырылышта эл өкүлдөрүнүн демилгелери дароо бюджетке киргизилип, өтүнүчтөргө убагында жооптор берилип турганын белгиледи.

«Министрлер кадимкидей депутаттардан чочулап, алардын айткандарын бюджетке киргизип, иштешкенге аракет кылчу. Азыр фракциялар жыйын өткөрүп жатат, бирок алардын чечимин Минкаб аткарган жок. Өкмөт башчысын карасаңыздар, кайсы бир мааракеге, социалдык объекттин, мектептин ачылышына барганда өзүнө жакын 1-2 депутатты албаса, калганын чакырбай калды. Депутатка дагы сөз берип, шайлоочулардын өтүнүчү менен бюджетке киргизилип, курулганын айтыш керек да», — деди Жанар Акаев.

Эл өкүлүн парламенттин дагы аткаруу бийлигине таасир берүүгө ыйгарым укуктары бар экенин, бирок алар конструктивдүү иш алып барууну көздөрүн айтты.

«Азыр Минкаб ушундай боло берет деп жатат. Андай болбойт, депутаттар келген мыйзам долбоорлорун четтен чаап койсо, ошондо чоң конфликт түзүлөт», — деди Жанар Акаев.

Комитеттин төрайымы Чолпон Султанбекова акыркы жылдарда аткаруу бийлиги депутаттар демилгелеген мыйзамдардын баарына каршы пикир жөнөтүлүп жатканын айтты.

«Мурда 5 жыл бир жолу каршы пикир келчү, азыр биздин комитеттин ар бир мыйзам долбооруна жөнөтүп жатышат. Олтуруп мунун баарын сүйлөшүп алышыбыз керек», — деди ал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>