Исхак Масалиев: Фрунзе музейин кеңейтүү туура, бирок аны бузбаш керек

18.08.2025 | 15:34

Бишкектеги Фрунзе музейи Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарых музейине айландырылары айтылды. Бул маселе Михаил Фрунзенин мемориалдык үй-музейинин ачылганына 100 жыл толгондугуна арналган эл аралык конференцияда көтөрүлдү.

Депутат Исхак Масалиев бул демилгени колдоорун билдирди.

Бир адамдын музейин кармап туруу заманга туура келбейт. Фрунзеге арналган бурч кала берет, бирок жалпысынан музей тарыхый жактан кеңейет экен, бул туура чечим, — деди ал.

Ошол эле учурда эл өкүлү тармактагы көйгөйлөрдү да белгиледи. Анын айтымында, калктын музейлерге кызыгуусу азайып баратат, кызматкерлердин айлыгы жетишсиз.

Маданият министрлиги музей кызматкерлерине татыктуу эмгек акы бериши керек. Бул чайкана эмес, тарыхый-маданий жай. Элди тартуунун жолдорун ойлонушсун. Мисалы, маданий иш-чараларды өткөрсүн. Бирок мени тынчсыздандырганы коңшу имараттардын тарыхый макамын алып салуу аракеттери. Бул тарыхый жайлар мыйзам менен корголушу зарыл, — деди Масалиев.

Эске салсак, Михаил Фрунзе 1885-жылы азыркы Бишкекте туулган. Ал Совет мезгилиндеги белгилүү аскер жетекчилеринин бири болгон. Анын туулган жери 1925-жылдан бери улуттук маанидеги маданий мурас объектиси болуп эсептелет.

Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top