Ислам Каримовдун жардамчысы кармалды

Ислам Каримовдун жардамчысы кармалды

Буга чейин Өзбекстандагы орус тилдүү интернет-басылмалар Мирзамухамедов кармалып, анын үйүндө тинтүү жүргөнүн жазышкан.

Өлкөнүн Башкы прокуратурасынын өкүлү экс-президенттин мурдагы жардамчысына кандай айыптар тагылып жатканын айтуудан баш тартты. Ал Улугбек Мирзамухамедов Улуттук коопсуздук кызматынын тергөө абагында сурак берип жатканын гана билдирди.

Буга чейин көз карандысыз Eltuz.com сайты Мирзамухамедов кылмыш дүйнөсүндө «Стоматолог» деген каймана ысым менен белгилүү Фаррух Мирзаевден карызын ала албай, ортодо жаңжал чыкканын жазган. Басылманын маалыматына караганда, бул окуядан кийин Мирзаев президенттин мурдагы жардамчысын каматууну чечкен. Ошол эле макалада Мирзамухамедов президенттик администрацияда иштеп жүргөндө «кызматка коюу үчүн дипломаттардан пара алганы» белгиленген.

Экс-чиновниктин кармалганы тууралуу алгачкылардан болуп uyat.uz сайтынын негиздөөчүсү Абу-Али Ниязматов жазып чыккан. Ал Мирзамухамедовдун үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, кымбат баалуу байыркы буюмдар, люкс классындагы кол сааттар, чет өлкөлүк валюталар, ошондой эле «Бентли», «Мерседес» жана «Рэнж Ровер» үлгүсүндөгү бир нече автоунаа табылганын билдирген.

Аты-жөнүн билдирүүдөн баш тарткан аткаминерлердин биринин айтымында, Мирзамухамедов «коррупциялык жол менен топтогон каражатын Ташкентте көп кабаттуу үйлөрдү куруу менен алектенген ишкер аркылуу көбөйтүп жүргөн».

Маалыматка караганда, Мирзамухамедов негиздеген Murad Buildings компаниясы Ташкенттеги көп кабаттуу үйдүн курулушуна инвестиция салган. Murad Buildings компаниясынын 50% Мирзамухамедовго, калганы ишкер Мурожон Назаровго тиешелүү.

Чыгыш таануу институтундагы Эл аралык мамилелер факультетин аяктаган Мирзамухамедов эмгек жолун Тышкы иштер министрлигинде баштаган. Андан соң президенттик администрацияга которулуп, 2016-жылга чейин Ислам Каримовдун жардамчысы кызматында иштеген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>