Исламабадда Садыр Жапаров менен Пакистандын президенти жолугушту

05.12.2025 | 10:08

4-декабрда президент Садыр Жапаров Исламабадда Пакистандын президенти Асиф Али Зардари менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты тереңдетүү, транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүү, ошондой эле маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Садыр Жапаров жана Асиф Али Зардари өткөрүлгөн сүйлөшүүлөр эки өлкөнүн ортосундагы көп пландуу байланыштарды бекемдөөдө маанилүү баскыч болоруна ишеним билдиришти.

Жолугушуунун соңунда Пакистандын президенти Кыргызстанга Шанхай кызматташтык уюмуна ийгиликтүү төрагалык кылууну каалады.

Мунун менен Садыр Жапаровдун Пакистанга болгон мамлекеттик сапары аяктады. Бул сапардын алкагында, өлкө башчы аталган өлкөнүн премьер-министри Шахбаз Шариф менен жолугуп, саясий, соода-экономикалык жана транспорттук-логистикалык тармактарда эки жактуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулады. Бул жолугушуунун жыйынтыгында, эки олкөнүн ортосунда кызматташуу боюнча ондогон стратегиялык документтерге кол коюлду.

Scroll to Top