«Гавайинин» ээси Журат Абдуллаев өз үйүндө кайтыш болдуОш мэри: Өрттөнгөн көп кабаттуу үй мэриянын эсебинен оңдолотОш шаарында көп кабаттуу үйдөн ири өрт чыктыБишкекте айдоочулук күбөлүгү жок өспүрүм катышкан жол кырсыгы болуп, бир бала каза таптыСаясат жана кылмыш темаларын чагылдырган журналист Вадим Ночевкин каза таптыТаш жүктөп бараткан. Бишкекте жүк ташуучу унаа оодарылып кетти
Италияда Кыргызстандын элчилиги ачылды
10.11.2021 | 11:49
Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Италияга жасаган расмий сапарынын алкагында Кыргызстандын аталган өлкөдөгү элчилигинин расмий ачылыш аземи болду.
Элчиликтин ачылыш аземине Италиянын тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министринин орун басары Марина Серени, Италиянын ар кайсы шаарларынан келген кыргыз диаспораларынын жетекчилери жана кыргызстандык студенттер катышты.
Анда Италиянын тышкы иштер министринин орун басары эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн жана аны жаңы деңгээлге чыгаруунун маанилүүлүгүн белгиледи.
“Жакынкы келечекте биз Бишкекте дипломатиялык өкүлчүлүктү ачууну, ошондой эле Кыргызстан менен соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды активдештирүү ниетиндебиз”, – деди ал.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат