Ийне менен келген идеал. Пластикалык операциянын артында эмне бар?

08.08.2025 | 20:40

Кыргызстанда пластикалык операция жасаткандар күн санап көбөйүүдө. Жаш кыз-келиндер арасында көздүн сурмасын түздөө, көкүрөк-жамбаш чоңойтуу, липосакция жана бетке филлер сайдыруу эң кеңири таралган. Арзан баалар жана сулуулукка болгон суроо-талап мындай кызматтардын популярдуулугун арттырып, биздин өлкөгө чет элдиктер да келе баштады. Бирок кооздукка алып бара турган жолдо сапатсыз процедуралар, туура эмес сайылган филлерлер жана лицензиясы жок клиникалар оор кесепеттерди жаратып жатканы маалым. Сулуулук издеп барып тери фиброзу, мимиканын бузулушу, ал тургай ткандардын некрозу, эң өкүнүчтүүсү адам өмүрү менен коштошкон учурлар да катталууда. Пластикалык сулуулук тандоо, бирок ал тандоо жоопкерчиликти талап кылат. Арзан кызматтын артында бир өмүрлүк көйгөй калып калбасын. “”Reporter.kg” бул ирет Кыргызстандагы пластикалык операция же сулуулуктун сыры тууралуу кеп салат.

Буга чейин кыргыз коомунда тубаса табигый сулуулук жогору бааланып келген. Чачы узун, көзү-оозу жасалбаган, жасалма кирпиги жок кыздар сулуу деп эсептелип, кезинде сулуулук сынактарында дал ушундай типтеги кыздар алдыңкы орундарды алышчу. Бирок социалдык тармактар, массалык маалымат каражаттары жана дүйнөлүк тенденциялар бул түшүнүктү өзгөрттү. Эми сулуулук сатып алууга мүмкүн болгон нерсеге айланып, ал тургай жашоону оңдой турган фактор катары каралууда.

“Азиаттарда көздүн сурмалары жок, анатомиялык өзгөчөлүгүбүз ушундай”, — дешет адистер. Мына ушул ой Азия элдеринин арасында кеңири тараган блефаропластиканын (көз сурмасын оңдоо) популярдуулугун түшүндүрөт. Кыргызстанда дал ушул операция эң кеңири жасалган түрү бойдон калууда.

Пластикалык операциянын популярдуулугуна жеткиликтүү баа да түздөн-түз таасир этүүдө. Мисалы, көз сурмасы үчүн операциянын баасы Кыргызстанда 5000 сомдон 500 долларга чейин. Бул коңшу мамлекеттерге салыштырмалуу бир топ арзан. Натыйжада чет элдиктер да Кыргызстанга атайын келип операция жасатууда.

Бирок баанын арзандыгы сапатка дайыма кепил боло бербейт. Адистердин квалификациясы, колдонулган препараттардын сапаты жана клиниканын жабдылышы көп учурда экинчи орунда калууда.

Контурдук пластика – гиалурон кычкылы сыяктуу препараттарды ийне аркылуу бетке киргизүүчү косметикалык процедура. Филлерлер менен мурун, ооз, бет сымал бөлүктөрдү оңдоого болот. Гиалурон – адам организми үчүн “табигый” деп саналат, бирок бул да шарттуу коопсуздук. Филлер туура эмес сайылса, ал кан тамырларды тосуп, жадакалса ткандардын өлүмүнө (некроз) алып келиши мүмкүн.

Сапатсыз материалдар, туура эмес сайылган доза жана бейтаптын өзүнө туура келбеген препараттар – мунун баары оор клиникалык кесепеттерди жаратат. Мимика жоголуп, бет булчуңдары кыймылдабай калуу, туруктуу шишик, жара, тырык сыяктуу көрүнүштөр көбөйүүдө.

Кыргызстанда пластикалык операция жүргүзгөн медициналык мекемелерди көзөмөлдөгөн атайын орган же системалуу мониторинг жокко эсе. Клиникалардын көбү жеке менчик болгону үчүн, дарыгерлердин лицензиясы, жабдуулардын санитардык нормаларга жооп бериши же колдонулган препараттардын кайдан алынып жатканы белгисиз бойдон калууда. Жабыр тарткандардын көбү унчукпай, уялып, айтууга батына алышпайт. Натыйжада көптөгөн окуялар катталбай калып, көйгөй коомдук деңгээлге көтөрүлбөй келет. Бирок, деген менен, сапатсыз сулуулук операцияларын жасаган бир катар врачтардын лицензиясы алынып, клиникалар жабылып жатат. Ошого карабастан операция аркылуу сулуулукка умтулгандардын саны азайган жок.

Жасалма сулуулукка умтулуу – ар кимдин жеке тандоосу. Бирок ал тандоо медициналык сабаттуулук, коопсуздук жана укуктук кепилдиктер менен коштолушу керек. Арзан наркка кызыгып, сапатсыз кызматты тандап алуу – өзүңдүн саламаттыгыңа тобокелге баруу менен барабар.

Мамлекеттик деңгээлде клиникалардын ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу ченемдик актылар, көзөмөл жана бейтаптар үчүн арыздануу механизмдери керек. Антпесе, сулуулуктун артында оор кесепеттерге дуушар болгон жаштардын саны көбөйө берет.

Scroll to Top