Бишкекте 36 жаштагы Айбек Касымакунов изделүүдө. Ал 5-июлда “Учкун” кичи районунан Жалал-Абад тарапка чыгып кетип, дайынсыз жоголгон. Бул тууралуу Кыргызстандын коомдук коопсуздук кеңеши билдирди.
Белгилери: бою 170-175 сантиметр, салмагы 70-75 килограмм, арык чырай. Көз айнек тагынган.
Кийген кийими: кочкул көк түстөгү кыска жең көйнөк, боз жинсы шым жана кепка.
Айырмалоочу белгилери: чекесинде жана оң колдун кичинекей манжасында тырыктар. Жанында кичинекей күрөң далы сумкасы бар.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда